Бишкекте "Кыргызстан - менин мекеним" аттуу фестиваль болуп өттү
Бишкектеги №5-кесиптик лицейде "Кыргызстан - менин мекеним" аттуу сынак болуп өттү. Бул сынак 2012-жыл - Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылына карата уюштурулуп, максаты - Кыргызстанда жашаган бардык улуттун өкүлдөрүн биримдик жана патриоттуулукка үндөө болуп саналат. Иш-чарага борбор шаардагы кесиптик лицейлерде окуган ар кайсы улуттун өкүлдөрү катышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Сынакта улуттук ырлар ырдалып, улуттук музыка жаңырып, келгендердин көңүлүн көтөрдү.