Бишкек шаарында жолдордогу чуңкурларды оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу 10-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштерин "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы жүргүзүп жатат.
Пландалган иштер этап-этабы менен жүргүзүлүп, график боюнча улантылат.