Бүгүн, 10-март аба ырайынын кескин ɵзгɵрүшүнɵн улам Арал постуна киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган ашуудагы чектөө саат 12:35те алынган.
Белгилей кетсек, буга чейин министрлик Өтмөк ашуусуна, Сосновка жана Арал постторунда оор жүк ташуучу автоунааларга киргизилген чектɵɵлɵр күчүндө экенин кабарлаган болчу.