Жайнак Үсөн уулу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин санариптештирүү маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев кол койгон.
Белгилесек, ал буга чейин Жогорку Кеңештин аппаратынын басма сөз кызматынын жетекчиси болуп иштеген.