Бельгиянын Фландрия аймагында “Ala Too Belgium” кыргыз диаспора уюму ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, уюм Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы маданий көпүрөнүн бекемделишин, ошондой эле мекендештер арасында гендердик теңчилик жана дени сак жашоо образынын баалуулуктарын жайылтууга багытталган.
"Белгиядагы кыргыз жамааты үчүн диаспоралык уюмдун түзүлүшү жаңы баскыч болуп гана тим болбостон, “Мен - Кыргыз жараны” улуттук долбоорунун уландысы болуп саналат",- деп белгиленген маалыматта.
Иш-чарада Бален шаарынын мэри, шаардын спорт боюнча жергиликтүү кеңешинин депутаты жана Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси Айдит Эркин куттуктоо сөздөрүн айтышты. Аземдин жүрүшүндө элчилик эстелик белектерди жана уюмдун ишмердүүлүгү үчүн ыктыярдуу каржылык салымды тапшырды.