Мамлекеттик чек ара кызматында бир нече кызматтык дайындоолор орун алды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү тескемелерге өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык:
Марат Маралбаев УКМК Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары – Башкы штабдын жетекчиси кызматынан бошотулду;
Мирзамир Сыдыков Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары – Башкы штабдын башчысы болуп дайындалды;
Данияр Сатимов Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды
Мансур Исаков Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды