Бишкекте 17 жана 18 жаштагы уландар уурулукка шектелип кармалышты. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар шаардын 7-кичирайонунда жайгашкан үйлөрдүн биринин жанынан 40 миң сомдук велосипедди уурдап кетишкен. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен.
Учурда алар катышкан ушул сыяктуу 10дон ашык кылмыш фактылары аныкталууда. Шаардык милиция жарыялаган видеодон алардын ар кай жерде турган велесипеддерди тээп кете беришкенин көрүүгө болот.