Бишкек шаарында кар тазалоо иштерине миңден ашуун кызматкер тартылды. Бул тууралуу 11-мартта шаар мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаар аймагында кар тазалоо жана жолдорго туз себүү иштерине төмөнкү техникалар тартылды:
Мындан тышкары, 20 жол жумушчусу жана миңден ашуун санитардык тазалоо кызматкери тартылган. Жолдордо муз пайда болуусунун алдын алуу максатында иштер башталгандан бери 581 тонна техникалык туз колдонулду.
Белгилей кетсек, кар тазалоо жана жолдорго туз себүү иштери улантылууда.