Өлкөдө келерки жылдын сентябрь айынан тарта жогорку окуу жайлардын студенттери ротация аркылуу билим алышат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 11-марттагы жыйынында билдирди.
Өлкө башчы мындай кадам бөлүнүп-жарылуунун алдын алуу максатында жасалып жатканын белгиледи.
"Келерки жылы студенттерди дагы ротация кылабыз. Мисалы, жалпы 10 миң бюджеттик орун бөлүнөт. Анын 5 миңи түндүккө, 5 миңи түштүккө беребиз да, студенттерди толук ротация кылабыз. Түндүктөгү студенттер түштүккө барып окушат, ал эми түштүктөгүлөр түндүккө келип билим алышат",- деди өлкө башчы.
Президент бул максатта жакынкы арада бюджеттен каражат бөлүнүп, заманбап шарттары менен жатаканалар куруларын кошумчалады.