Президент Садыр Жапаров парламенттин 11-марттагы жыйынында мамлекеттик кызматтарды ата мекендик өндүрүштү колдоого чакырды.
Өлкө башчы импорттун көлөмү мурдагы жылдарга салыштырмалуу азайганын белгилеп, мамлекеттик кызматтар ата мекендик өндүрүштү колдоого алышы керектигин айтты.
"Ата мекендик өндүрүштөн чыккан товарларга басым жасагыла. Импорт менен экспортту теңдешибиз керек. Мурда импорт 70 пайыз болсо, экспорт 30 пайыз болчу. Азыр импорттун көлөмү 60-65 пайыз болуп, мурдагыга караганда азайды. Экспорттук өлкө болбосок да, импорт менен экспорттун көлөмүн теңдешибиз зарыл",- деди өлкө башчы.
Президент курулуш материалдарынын жарымы өлкөдөн чыгарылып, коңшу өлкөлөргө экспорттолуп жатканын кошумчалады.