
Бишкек-Ош унаа жолуна түшкɵн кар кɵчкү толугу менен тазаланып, жол эки тараптуу ачылды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда, "Арал" постунда оор жүк ташуучу унааларга болгон чектɵɵ күчүндө.
Белгилей кетсек, 11-мартта таңкы саат 6:50дɵ Бишкек - Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусунда кар кɵчкү түшкɵн. Бардык автоунаалар үчүн каттам убактылуу эки тараптуу жабылган.