Биз социалдык тармакта

Депутат мектептердеги завучтардын айлыгын көбөйтүүнү суранды

Жогорку Кеңештин депутаты Болотбек Борбиев парламенттин 11-марттагы жыйынында мектептердеги тарбия иштери менен алектенген адистердин айлыктарын жогорулатууну суранды.

Эл өкүлү буга чейин мугалимдердин, медицина кызматкерлеринин маяналары жогорулатылганын айтып, окуучуларды тарбиялоодо аталган адистердин эмгеги чоң экенин белгиледи.

"Өлкөнүн бардык мектептериндеги тарбия иштери менен алектенген адистердин айлыктары мурдагы деңгээлде калып жатыптыр. Бул боюнча кайрылуулар келип жатат. Аталган маселеге көңүл буруп, тиешелүү тапшырмаларды берип койсоңуз",- деп депутат президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлүнүн орун басары Нурлан Бообековго кайрылды.

Депутат мектептердеги тарбия иштери боюнча адистердин айлыгын көбөйтүүнү суранды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан