Биз социалдык тармакта

Ошто дарыканадан мыйзамсыз дары-дармектер аныкталды

Ош шаарында "Аптека Кейджи" ЖЧКсына таандык дарыканадан мыйзамсыз дары-дармектер аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматы 11-мартта билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын жалпы суммасы 269 миң 989 сомду түзөт.

Мындан тышкары, ал жерде салык мыйзамдарын бузган башка фактылар да аныкталды:

  • Товарларды сатуу электрондук эсеп-фактуралар аркылуу түшкөн каражаттарды көрсөтпөстөн жүргүзүлгөн;
  • Айрым кызматкерлер боюнча салыктык отчёттор тапшырылган эмес;
  • Көзөмөл-кассалык машина техникалык жактан жараксыз абалда колдонулган.

Салык кызматынын кызматкерлери жеринде тиешелүү актыларды түзүштү. Анын негизинде тиешелүү чаралар көрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан