Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев ишкердик чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугуп, шаарда бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртуу жана инвестиция тартуу маселелерин талкуулады.
Ош шаарынын мэриясы билдиргендей, жолугушууда ишкерлер өз сунуш-пикирлерин айтып, ишкерликти өнүктүрүүдө кездешкен айрым көйгөйлөрдү көтөрүштү.
Шаар башчысы өлкө жетекчиси Садыр Жапаров койгон милдеттердин алкагында Ош шаарына инвестиция тартуу иштери күчөтүлүп жатканын белгиледи.
Мэр көтөрүлгөн маселелерди карап чыгуу жана ишкерлерге көмөк көрсөтүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилгенин айтты. Ошондой эле мындай жолугушуулар мындан ары да үзгүлтүксүз уюштурулуп турарын кошумчалады.