Биз социалдык тармакта

УКМК милиция кызматкерин кармады

Бишкектин Биринчи Май райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкери алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызмат ал былтыр сентябрь жана декабрь айларынын аралыгында айдоочулук күбөлүк алууга жардам берем деген шылтоо менен жарандан ири суммадагы акча алганын белгиледи. Маалыматта каражаттар Мбанк мобилдик тиркемеси аркылуу шектүүгө которулганы айтылат.

Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүүдө.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан