Улуттук банк үч акча алмаштыруучу жайга айып пул салды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкө мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы эки акча алмаштыруу бюросу жана Кант шаарындагы бир бюро жоопкерчиликке тартылды.
Белгилей кетсек, ар бирине 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.