Биз социалдык тармакта

Арданганынан күйөөсүн өлтүрүп, милицияга өзү чалган... Кара-Балтада 57 жаштагы аял кармалды

Кара-Балта шаарында 54 жаштагы күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип 57 жаштагы аял киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 11-март түнү болгон. Анда аялы менен күйөөсү үйдө ичимдик ичип отурушуп, уруша кетишкен. Жолдошу жубайын сөз менен кемсинтип, моралдык, психологиялык басым кылган.
Аял эс алуу үчүн башка бөлмөгө барып, жатып алган жана күйөөсүнүн кемсинтүүлөрү катуу кыжырын келтире баштаган. Кайра туруп барып бычак менен күйөөсүн мюонга сайган. Жолдошу ошол жерде көз жумган.
Окуядан кийин аял үйдү жыйнап, уктап калган. Эртеси күнү милицияга кабар берген. Учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан