Биз социалдык тармакта

Жайыл районунда бычак менен жаракат келтирүүгө шектелген жаран кармалды

Чүй облусунда оор дене жаракаттарын келтирүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта облустук милиция билдирди.
Маалым болгондой, 6-мартта Жайыл райондук милициясына 41 жаштагы Ш.Е. аттуу жаран бычактан алган жаракаты менен оор абалда ооруканага түшкөнү кабарланды.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, жабырлануучу бир күн мурун шектүү менен В.В. аттуу жарандын үйүнө барып спирт ичимдигин ичип, тарашкан. Эртеси шектүү менен Ш.Е. аттуу жаран телефон аркылуу байланышып, пикир келишпестик орун алган. Андан соң шектүү кайра ошол үйгө барып, алар бири-бирине бычак менен жаракат келтиришкен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду. Натыйжада 33 жаштагы шектүү Т.Д. кармалып, учурда тергөө улантылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан