Биз социалдык тармакта

Депутат жарандар кайрылууларына убагында жооп албаса, кайда кайрылуу керектигин айтты (видео)

Жарандар мамлекеттик органдарга кат менен кайрылып, белгиленген убакытта жооп албаса, тийиштүү органдарга кайрылса болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева парламенттин 12-марттагы жыйынында айтты.

Белгилей кетсек, жыйында жарандардын кайрылууларын кароо мөөнөтүн кыскартуу боюнча мыйзам долбоору каралып жаткан.

Депутаттын айтымында, мамлекеттик кызматтар жарандардын кайрылууларына 14 жумуш күн ичинде (ред.: атайын текшерүүлөр талап кылынса, ал 30 күнгө чейин узарат) жооп бериши зарыл.

"Эгер жарандар тарабынан мамлекеттик органдарга кат жазылып, бирок белгиленген убакытта жооп берилбесе, жылдап күтпөңүздөр, максималдуу бир ай күтүңүздөр. Бул убакытта жооп берилбесе, тийиштүү органдарга кайрылыңыздар. Ал райондук деңгээлде кат болсо, райондук прокуратурага, шаардык деңгээлде кат болсо калаанын прокуратурасына же Башкы прокуратурага арыз менен кайрылса болот. Ал аркылуу тийиштүү кызматтарга чара көрүлөт",- деди эл өкүлү.

Сурабалдиева жарандардын кайрылуулары боюнча айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан