Биз социалдык тармакта

“Дөөлөт курулуштун” объекттери Курулуш министрлигинин карамагына өтүүдө

“Дөөлөт курулуштун” объекттери Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине өтүп, аудит иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, министрдин биринчи орун басары Самат Жантелиев “Дөөлөт курулуштун” үлүш ээлеринин атайын шайланган өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
"Бүгүнкү күндө “Дөөлөт курулуш” ЖЧКсынын жетекчилиги курулуш объекттерин толук бүтүрүү максатында Курулуш министрлигинин карамагына өткөрүп берүүдө. Аудиттин алкагында курулуш объекттеринин учурдагы абалы, жүргүзүлгөн курулуш иштеринин көлөмү, каржылык агымдар, келишимдик милдеттенмелер, ошондой эле үлүштүк курулушка катышкан жарандар менен түзүлгөн келишимдер боюнча маалыматтар деталдуу түрдө талданууда",- деп белгиленет маалыматта.
Белгилей кетсек, аталган компаниядан 4 жыл мурда турак жай сатып алган жарандар бүгүнкү күнгө чейин батирлерине ээ боло албай, курулуш объекттериндеги иштер токтоп тургандыгы боюнча бир нече жолу кайрылышкан. Ушуга байланыштуу Курулуш министрлиги тарабынан “Дөөлөт курулуш” ЖЧКсына тиешелүү эскертүүлөр берилип, курулуш иштерин жандандыруу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилген. Өлкө башчысы аны текшерүүгө алууну тийиштүү кызматтарган тапшырган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан