
Чүйдүн Москва районунда 21 жаштагы
Кайрат Турузбеков дайынсыз жоголуп, облустук милиция тарабынан изделүүдө.
Ал 1-мартта Москва районунун Төлөк айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып барган эмес.
Белгилери: бою 160–165 сантиметр, арыкчырай дене түзүлүштө, көздөрү күрөң, чачы кара. Психикалык оорусу бар.
Кийген кийимдери: кара ветровка, кара жеңсиз күрмө, кара шым, бутунда кара түстөгү резина өтүк болгон.
Эгерде жарандарда Кайрат Турузбековдун жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, төмөнкү телефондор аркылуу кабарласа болот: 0313-15-21-31, 0701-15-96-54.