Бүгүн, 12-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) башкы катчысы Рамил Хасанды кабыл алды.
Жолугушууда төрага парламенттик дипломатия аркылуу боордош элдердин алакасын чыңдоо учур талабы экенин белгиледи. Ошондой эле быйыл күздө ТүркПАнын кезектеги пленардык жыйыны Кыргызстанда өтөрүн эске салды.
"Анда алакаларды ырааттуу өнүктүрүүгө багытталган маанилүү сүйлөшүүлөр жүрүп, тектеш элдердин кызматташтыгын тереңдетүүгө арналган макулдашууларга жетишебиз деген терең ишеничтемин”,- деди ал.
Алсак, ТүркПА 2008-жылы түзүлүп, ага Кыргызстандын, Казакстандын, Азербайжандын жана Түркиянын парламенттери мүчөлүк кылат. Ал эми иш-чараларына Венгриянын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын парламенттеринин өкүлдөрү активдүү катышып келет.
Рамил Хасан бирикменин алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор, алдыдагы пландар тууралуу кеңири маалымат берип, быйыл Кыргызстанда өтө турган жыйынга олуттуу даярдыктар жүргүзүлөрүн билдирди.
Мындан тышкары, Ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилеринин жакында боло турган бейрасмий жолугушуусу тууралуу сөз кылып, анда карала турган маселелерге да учкай токтолду.
Муну менен катар баарлашууда Ассамблеянын башка парламенттик уюмдар менен өнөктөштүгүн өнүктүрүү маселеси да көтөрүлүп, чөлкөмдөгү эле эмес, Европа жана Латын Америкадагы парламенттер аралык бирикмелер менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.