Эртең, 13-марттан тарта Бишкек шаарындагы Дэн Сяопин проспектинин түштүк тарабында жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат.
Мындан улам Кайназарова көчөсүнөн Сыдыгалиев көчөсүнө чейинки тилкеде унаа кыймылы убактылуу жабылат.
Мэрия буга чейин оңдоо иштеринин биринчи этабынын алкагында Дэн Сяопин проспектинин Интергельпо көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылганын кабарлады.