Биз социалдык тармакта

Бишкекте ИИМ имаратынын жанындагы куураган дарактар кыркылды

Ички иштер министрлигинин Бишкек шаарындагы Жумабек көчөсүндө жайгашкан административдик имаратынын жанында куурап калган дарактарды санитардык кыркуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Буга чейин министрлик "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасына кайрылган. Себеби аталган аймакта кургап калган бутактар кулап түшкөн учурлар катталып, жарандардын коопсуздугуна коркунуч жаратып жаткан.

Кайрылуудан кийин "Бишкек жашыл чарба" адистери жашыл көчөттөрдү текшерип чыгышкан. Кароонун жыйынтыгында айрым дарактар, айрыкча теректер авариялык абалда экени жана адамдар үчүн потенциалдуу коркунуч туудурары аныкталган.

Ушуга байланыштуу муниципалдык ишкананын кызматкерлери дарактардын үстүңкү бөлүгүн санитардык кыркуу иштерин жүргүзүштү. Бул чаралар кургаган же жабыркаган бутактардын кулап кетишин алдын алуу жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

Белгиленгендей, кыркуу иштерин адистер бардык талаптарды сактоо менен жүргүзүшүп, жашыл көчөттөрдү сактоого жана мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан