Биз социалдык тармакта

Ошто канал жээктери тосулат

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаар аймагындагы кооптуу канал жээктерин тосуу боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-март күнү шаар башчысы Ош шаары аймагындагы Увам каналы жана Жекелик каналы аркылуу өткөн аймактарды жеринде көрүп чыкты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мэр тиешелүү кызматтарга тургундардын коопсуздугун камсыздоо үчүн канал жээктерин тез арада тосуп, аймакты иретке келтирүүнү тапшырды.

Ошондой эле шаар башчысы канал жээгинде жашаган тургундар менен жолугуп, жакын арада коопсуздук талаптарына жооп берген жаңы тосмолор орнотуларын билдирди.

Мындан тышкары мэр тургундарды канал жээктерин мыйзамсыз ээлеп албоого чакырып, мындай фактылар катталган учурда мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан