Ош шаарынын мэриясында мэрдин орун басары Масуда Айдарбекова Литва Республикасынын Кыргыз Республикасындагы башкы консулу Шаруне Кубилюте, кеңешчиси Эдуард Мажул жана Медербек Орумбаев менен жолугушту.
Мэриядан билдиришкендей, жолугушууда шаарды өнүктүрүү жана эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды. Тараптар соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, инвестиция тартуу, жашыл энергетика, санариптик кызматтар, туризм, билим берүү жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.
Ошондой эле Медербек Орумбаевдин Литва Республикасынын Ош шаарындагы Ардактуу консулу болуп дайындалышы менен куттуктоолор айтылып, эки тараптуу кызматташууну мындан ары да бекемдөө маанилүү экени белгиленди.