Биз социалдык тармакта

“Кыргыз көмүр” ишканасы 2025-жылы 1,38 миллион тонна көмүр өндүрдү

“Кыргыз көмүр” ишканасы 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 1 миллион 385 миң тонна көмүр өндүрдү. Бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Компания учурда Кыргызстандагы жалпы көмүр өндүрүшүнүн болжол менен 30 пайызын камсыз кылган ири ишканалардын бири болуп эсептелет.

Маалыматка ылайык, жыл ичинде кыртыш ачуу иштеринин көлөмү 9,7 миллион куб метрди түзүп, план 20 пайыздан ашык ашыгы менен аткарылган. Ошондой эле беш жаңы көмүр кени ачылып, алардын жалпы баланстык запасы 133 миллион тоннадан ашты.

Ички рынокту камсыздоо алкагында Бишкек Жылуулук электр борборуна 587 миң тонна көмүр жеткирилген. Натыйжада өндүрүлгөн көмүрдүн 40 пайыздан ашыгы борбор калаанын жылуулук-энергетикалык муктаждыктарына багытталган.

Мындан тышкары, ишкананын техникалык базасы жаңыланып, жыл ичинде 46 даана атайын техника сатылып алынган. Кара-Кече көмүр кенинде эки мобилдик сорттоочу комплекс ишке киргизилди.

2025-жылы ишкана кайра уюштурулуп, мамлекеттик ишканадан ачык акционердик коомго айланды. Ошол эле учурда акциялардын 100 пайызы мамлекеттин менчигинде калды.

Финансылык жыйынтык боюнча компания 511 миллион сомдон ашык таза пайда тапкан. 2026-жылы ишкана көмүр өндүрүшүн көбөйтүп, ресурстук базасын кеңейтүүнү улантууну пландоодо. Жыл аягына чейин Ош облусу жана Жалал-Абад облусунда жаңы көмүр участокторун ишке киргизүү мерчемделүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан