Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев рэп багытында чыгармачылык менен алектенген жаш аткаруучулар – Бегиш, Bakr, Баястан жана Freeman 996 менен жолугушту. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө заманбап музыкалык маданиятты өнүктүрүү, жаш таланттарды колдоо жана чыгармачыл чөйрөдө кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле жаш аткаруучулар өз сунуш-пикирлерин билдирип, өлкөдө рэп маданиятын өнүктүрүү боюнча ойлору менен бөлүштү.
Министр Мирбек Мамбеталиев жаштардын чыгармачылык демилгелерин колдоо маданий саясаттын маанилүү багыттарынын бири экенин белгилеп, таланттуу жаштарды колдоо боюнча иштер мындан ары да улантыларын айтты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар келечекте чыгармачыл кызматташууну мындан ары да өнүктүрүү боюнча макулдашышты.