Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова “Бардык аялдар жана кыздар үчүн адилеттүүлүккө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу” темасындагы тегерек столдо баяндама жасады.
Маалыматка ылайык, Бакирова өз сөзүндө аялдардын адилеттүүлүккө жетүүсүнө экономикалык, географиялык жана социалдык тоскоолдуктар таасир этерин белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан гендердик теңчиликти камсыз кылуу жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча мыйзамдык жана стратегиялык чараларды ырааттуу ишке ашырып жатканын айтты.
Нургүл Бакированын айтымында, Кыргыз Республикасы аялдар менен кыздардын укуктарын коргоону күчөтүү, инклюзивдүү укуктук системаны өнүктүрүү жана бул багытта эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну бекемдөө иштерин мындан ары да улантат.