Биз социалдык тармакта

Бишкектин Ауэзов көчөсүндөгү күркөлөрдүн ээлерине эскертүү берилди

Бишкектин Ауэзов көчөсүндөгү күркөлөрдүн ээлерине демонтаж тууралуу эскертүү берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ, 12-мартта мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин катышуусунда аталган көчөдө текшерүү жүргүзүлүп, соода күркө ээлерине жана сатуучуларга объекттерди бузуу зарылдыгы тууралуу эскертүү берилди.
"Ишкерлерге сооданы жүргүзүү үчүн "Чынар" жана "Аламүдүн" базарларынан альтернативдүү соода орундары сунушталганы менен соодагерлер баш тартышты. 2017-жылы аталган даректе 24 жер тилкеси соода объекттерин жайгаштыруу үчүн убактылуу пайдаланууга берилген. Текшерүүнүн жыйынтыгында бул күркөлөр жашыл зонада жайгашканы аныкталды. Бул аймак жашылдандыруу жана көрктөндүрүү үчүн каралган. Аныкталган мыйзам бузууларга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынын комиссиясы аталган соода объекттерин жайгаштыруу боюнча келишимдерди токтотуу чечимин кабыл алды. Ошондуктан күркөлөрдү демонтаж кылууга тийиш",- деп белгиленген маалыматта.
Ал эми 11-мартта объекттер электр жана суу камсыздоодон ажыратылганы кошумчаланды. Аталган жайга мэрия сквер курууну пландоодо.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан