Биз социалдык тармакта

Бишкектеги №95 мектепте акча чогултуудан улам директор кызматтан алынды

Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан №95 орто мектепте окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалым болгондой, айрым мугалимдер кошумча сабактар үчүн мамлекет тарабынан белгиленген тарифтен жогору өлчөмдө акча каражаттарын алышып, одоно мыйзам мыйзам бузууларга жол беришкен.
Текшерүүнүн жыйынтыгында, 4 педагог административдик жоопкерчиликке тартылышса, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин 5 кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылышып, ал эми мектептин директору кызматынан бошотулду.
Билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултууларды токтотуу боюнча иштер улантылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан