Интернет желесинде жол талашып, пикир келишпестикке барган айдоочулардын видеосу тарады.
Окуя Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда катталган. Күбөнүн айтымында, жол жээгинде турган айдоочу бурулуу белгисин күйгүзбөй туруп жолго чыгып, өз жолу менен келе жаткан унаага кооптуу кырдаал жараткан.
Айдоочу кыз сигнал берген учурда ал унаасынан түшүп келип, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, агрессивдүү жүрүм-турум көрсөткөн. Күбөнүн айтымында, айдоочу мас абалда болушу мүмкүн.
Октябрь райондук милициясы текшерүү иштери башталганын билдирди.