
"Оозуңа таш! Ооганстан болбойбуз!". Мындай билдирүүсүн бүгүн, 13-мартта кыргыздын белгилүү тарыхчысы
Кыяс Молдокасымов Фейсбуктагы баракчасына жазып чыгып, Манас шаарынын мэри
Абдупата Маткаликовдун координациялык кеңештин жыйынында сүйлөгөн сөзүн сындады.
Эскерте кетсек, калаа башчысы Манас шаарын Ооганстанга
теңеген.
Тарыхчы мындай салыштыруу саясий сабатсыздык жана коркунучтуу көрүнүш экенин белгилеп, жетекчилерди дайындоодо тажрыйба, жөндөм жана саясий жетиктик маанилүү экенин эскертти.
"Биз “Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик” уңгужолдун маанисин, мазмунун элге, жаштарга жеткирүү, түшүндүрүү менен алектенип, келечекте мамлекетибиз күчтүү, өнүккөн өлкө болорун улам-улам айтып жатсак, кечээ чоң бир жыйында саясый сабатсыз, тайкы түшүнүктөгү шаар башчы Мамлекет башчынын аракетине, саясатына караманча-каршы келе турган пикирин балп этип айтып алды. Учурда дүркүрөп өсүү жолундагы Манас шаарын анын жаңыдан дайындалган жетекчиси паска тээп, Ооганстанга айланып кетиптир деп жатышын түк түшүнбөдүм. Мындай саясий сокурдук коррупцияга шектелип иштен айдалган аткаминерге караганда да эки эсе коркунучтуу экенин эстен чыгарбасак. Кантип эле биздин өлкө Ооганстандын кейпин кийип калсын?! Бул жерде Ооганстанды оозануу, ал менен салыштыруу акылга сыйгыс көрүнүш! “Айтылган сөз - атылган ок”, - дейт кыргызда! Сөздөн мүдүрүлгөн турбайт, - деп бекеринен айтылбаса керек элибизде", - деди тарыхчы.
Эскерте кетсек, Маткаликов Манас шаарына 20-февралда мэр болуп дайындалган.