
Кыргызстандын аймактарындагы 117 маданий мекемеге кызматтык унаалар алынат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары
Союзбек Надырбеков "Биринчи радиого" маек бергенде билдирди.
Айтымында, маданият тармагында акыркы кезде алгылыктуу иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
"Акыркы убакта маданият тармагында материалдык-техникалык базаны чыңдоо иштери активдүү жүрүүдө. Биз кичи автобустарды алып берип жатабыз. Жакында 117 маданий мекемебизге кызматтык унааларды алып беребиз. Андан сырткары, апрель айынан тарта айлык маянанын көтөрүү боюнча иштер жүрүп жатат",- деди орун басар.