Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков аймактардагы бир катар фермердик чарбаларды кыдырып, айыл чарба секторунун өкүлдөрү менен жолугушту. Анын жүрүшүндө мал чарбачылыгын өнүктүрүү жана ветеринардык коопсуздукту камсыздоо боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.
Мал чарбачылары соңку жылдары мал арасында ар кандай оорулардын көбөйгөнүнө тынчсыздануусун билдирди. Алардын айтымында, мындай учурлар профилактикалык чараларды күчөтүүнү, өз убагында диагностика жүргүзүүнү жана ветеринардык кызматтар тарабынан оперативдүү чара көрүүнү талап кылат.
Эрлист Акунбеков эпизоотиялык коопсуздукту алдын алуу приоритеттүү багыттардын бири экенин баса белгилеп, тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмаларды берди: