Бишкекте 41 жаштагы адвокат ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга карйлыган жаран чала тааныш 2 аял анын 90 миң долларын алдап алышканын айткан. Анын айтымында, 2024-жылдын февраль айынан октябрь айына чейин алар жогорку кызматтагы адамдар менен байланышы бар экенин айтышып, арзан батирлерди жана унааларды алып берүүнү убада кылышкан. Жабырлануучу аларга ар кайсы жерлерден жолугуп, акча каражаттарын беришкен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Ири өлчөмдөгү алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөөдө шектүүлөрдүн биринин өздүгү аныкталган. Ал 2008-жылдан бери адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенип келгени такталды. Ошондой эле анын буга чейин дагы бир нече жарандарды ушундай ыкма менен алдап, акча каражаттарын ээлеп алганы аныкталган. Кармалган аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди.