Биз социалдык тармакта

Өлкөнүн түндүк тарабында балдардын төрөлүшү кескин азайды (видео)

Кыргызстанда балдардын төрөлүү саны кыскарды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин "Ишеним" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында белгилүү болду.

Жыйында депутат Жумабек Салымбеков өткөн жылдын 1-декабрына карата республиканын калкынын саны 7 миллион 338 миң адамды түзгөнүн белгилеп, калктын өсүү темпи тууралуу суроо салды.

"Негизи өлкөдө 2025-жылга чейин жылына 150 миңге жакын төрөт болчу. Учурда төрөттүн саны жылдан-жылга 20-30 миңге азаюуда. Буга көп себептер бар, жаштардын көбү материалдык жагын жакшыртып, анан балалуу болууну пландашууда. Аймактар боюнча карасак, түштүк тарапта төрөттүн саны азайган жок, ал эми түндүк тарапта кескин азайган.

Өткөн жылы 137 миң 982 төрөт катталган. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 2 миңге аз",- деди Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү.

Өлкөнүн түштүк тарабында балдардын төрөлүшү кескин азайган
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2026-03-13 20:55:00
Албетте ыңгайлуу шарттар болбой жаштар тентибей анан ким тентисин, жаңыдан баш кошкон жаш үйбүлөлөргө эчкандай мамлекеттен тыйын болсо да жардам жок, түйшүктүн оордугунан ажырашуунун санын кескин өсүүдө, уурулук кылмыштуулук дагы жөндөн-жөн өскөн жок, карапайым калктын көпчүлүк бөлүгүндө жашоо оор бойдон калууда, а бийлик өкүлдөрү өздөрү менен эки экиден айтышып отурсаңар ким балалуу болгусу келмек?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан