
Ош шаарында "жалган" милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, 9-мартта саат 03:00 часамында шектүү өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып, “Семетей” кинотеатрынан жабырлануучуну карындашына тийишти деген жүйө менен коркутууга алган. Алгач 10 500 сом жана паспортун алып, кийинчерээк ал телефон аркылуу байланышып, дагы 5 000 сом талап кылган.
Жабырлануучу арыз менен милицияга кайрылып, аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси менен кылмыш иши козголду. Натыйжада 12-мартта жабырлануучудан опузалап акча каражатын жана уюлдук телефонун тартып алып жаткан учурда 2001-жылы Өзгөн районунда туулган Ж.уулу Ж. аттуу жаран кармалды.
Шектүүнүн милиция кызматына эч кандай тиешеси жок экени белгилүү болду. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланууда.