Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, Кыргызстандын аймактарында ишембиде жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым чөлкөмдөрдө абанын табы 14 градуска чейин жылыйт.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2... -7, күндүз +4... +9;
- Талас жергесинде түнкүсүн -2... -7, күндүз +3... +8;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4... +1, күндүз +9... +14;
- Нарын аймагында түнкүсүн -7... -17, күндүз -3... +2;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2 ... -7, күндүз +2... +7;
- Бишкек шаарында түнкүсүн -3... -5, күндүз +6... +8 градус жылуу болот.