Бүгүн, 13-мартта Сокулук райондук прокуратурасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди. Иш-чарага башкы прокурор Максат Асаналиев, жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, прокуратура органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери катышты.
Башкы прокурор жаңы имараттын пайдаланууга берилиши прокуратура органдарынын ишин мындан ары да сапаттуу уюштурууга жана жарандардын кайрылууларын ыкчам кароого өбөлгө болорун белгиледи. Ошондой эле өлкө аймагында прокуратура органдары үчүн бир катар жаңы административдик имараттар жана кызматтык турак жайлар курулуп жатканын маалымдады.
Жаңы имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, бардык зарыл шарттар менен камсыздалган.