Биз социалдык тармакта

"Кайдыгер болбош керек". Өткөн жылы өлкөдө 6600дөй жаран ракка чалдыкты

Кыргызстанда өткөн жылы онкологиялык ооруларга чалдыккан 6600дөй жаран аныкталды.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев парламенттин 13-марттагы “Ишеним” жана “Ала Тоо” депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди.

"Тилекке каршы, жылдан-жылга онкологиялык оорулар жашарып жатат. Өткөн жылы 6600дөй жаңы учур аныкталды.

Эң негизгиси - адам өзүнүн ден соолугуна кайдыгер болбошу керек. Бизде менталитет ушундай болуп калыптыр, оору өтүшүп кеткенде ооруканага барып. Тилекке каршы, кээ бир учурларда оорунун 4-стадиясы чыгып, дарыгерлердин жардамы алсыз болуп калууда",- деди орун басар.

Кыргызстанда рак илдети жылдын жылга жашарууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан