Биз социалдык тармакта

Адылбек Касымалиев Ысык-Көлдө медициналык мекемелердин абалы менен таанышты

Бүгүн, 13-мартта өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө бир катар медициналык мекемелердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы алгач Каракол шаарындагы облустук бириккен ооруканага барды. Анда бар болгон жабдуулар жана бейтаптарды дарылоо шарттары менен таанышты.

Андан ары 350 орундуу 8 блоктон турган жаңы оорукананын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун курулушу 2027-жылы аяктары белгиленип, иштерди сапаттуу бүтүрүү боюнча тапшырмалар берилди.

Касымалиев ошондой эле ооруканада иштеген жаш дарыгерлерге мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында батирлерди бөлүп берүүнү, ошондой эле кызматтык турак жай куруу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Мындан тышкары, сапардын алкагында ага Каракол шаарында КМШ өлкөлөрү жана чектеш мамлекеттер үчүн жогорку технологиялуу медициналык кластерди куруу долбоору тааныштырылды. Долбоор диагностиканын жана дарылоонун алдыңкы технологияларын өнүктүрүүгө, алдыңкы чет элдик адистерди тартууга жана жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган. Долбоордун баасы - 150 миллион долларды түзүп, 510 орунга ылайыкташкан. Долбоор 750гө жакын жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Андан ары өкмөт башчы 1894-жылы курулган Өзгөчө кооптуу жана карантиндик инфекцияларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун чумага каршы бөлүмүнүн абалы менен таанышты. Жыйынтыгында тиешелүү түзүмдөргө жаңы имарат куруу жана бөлүмдүн материалдык-техникалык базасын жаңыртуу маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.

Мындан тышкары, жумушчу сапардын алкагында Министрлер кабинетинин башчысы 1897-жылы курулган имаратта жайгашкан, авариялык абалдагы облустук соттук-медициналык экспертиза бюросуна барды. Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга мекеменин инфраструктурасын модернизациялоо, анын ичинде жаңы имарат куруу жана керектүү жабдууларды сатып алуу маселелерин иштеп чыгууну тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан