Бишкектин Орто-Сай айылындагы көрүстөн менен көп кабаттуу үйлөрдүн аралыгы боюнча Курулуш министрлиги түшүндүрмө берип, туура эмес маалыматтар тарап жатканын белгиледи.
Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Таш-Дөбө айыл өкмөтү тарабынан 2018-жылы берилген расмий маалымкатта аталган аймактагы көрүстөн жабык деп көрсөтүлгөн.
"Ушул документтин негизинде жана мыйзамда белгиленген тартипте долбоордук материалдар каралып чыгып, тиешелүү жол-жоболордон өткөндөн кийин гана курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксат берилген. Мындан улам аталган аймактын Иманалиев көчөсүндө 4 кабаттуу турак үйдүн курулушу 2024-жылы башталган. Ошондой эле санитардык эрежелерге ылайык, жабык деп эсептелген көрүстөндөргө карата санитардык коргоо аралыгы, эреже катары, 50 метрден кем болбоого тийиш. Жүргүзүлгөн топографиялык өлчөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык, курулуш объекти менен көрүстөндүн ортосундагы аралык орточо 60–70 метрди түзөт",- деп белгиленген маалыматта.
Эскерте кетсек, буга чейин шаардык кеңештин депутаты көрүстөндүн жанында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр боюнча тынчсыздануусун
билдирген.