
Ош облусунда экстремисттик материалдарды социалдык тармактар аркылуу таратууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 13-мартта облустун милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында тыюу салынган экстремисттик материалдарды социалдык тармактар аркылуу таратып жүргөн жаран кармалды.
Чогултулган материалдын жана экспертизанын корутундусуна ылайык Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин негизинде (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) жана 330-беренесинин (Рассалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында 1992-жылы туулган Ж.у.М. аттуу шектүү кармалды. Учурда тергөө амалдары уланууда.