Бишкекте айым жол тескөөчүнү түртө салып, качып кетүүгө шектелген 29 жаштагы айдоочу кармалды. Бул тууралуу Кайгуул кызматы билдирип, окуянын видеосун жарыялады.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн 13-мартта саат болжол менен 08:37 чамасында Чыңгыз Айтматов менен Славянская көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Айдоочу жол белгисинин талаптарын бузгандыктан айым инспектор андан документтерин сураган. Бирок айдоочу агрессивдүү мамиле жасап, инспекторду түртүп жиберип, окуя болгон жерден качып кеткен. Жол тескөөчүнүн колу сынып, аймактык ооруканага жеткирилген.
Айдоочу унаасын башка жерге токтотуп, качууга аракет кылган. Бирок жарандардын жардамы менен кармалып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Видеодон инспектор айымдын айдоочу түртүп жибергенде жыгылганын, кайра туруп айдоочуну кармоого аракет кылганда унаага урунуп дагы жыгылганын көрүүгө болот.