
Ошто алдамчылыкка шектелип 34 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.
Маалыматка ылайык, ал былтыр 23-декабрда ак түстөгү BMW J30 үлгүсүндөгү унааны 31 700 долларга баалап, ээсине акчаны 1 аптада төлөп берерин убада кылып, айдап кеткен. Бирок, унааны алып кеткенден кийин аны башка жаранга сатып жиберип, түшкөн каражатты жеке кызыкчылыктарына жумшап жиберген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү Ош шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.