Биз социалдык тармакта

Чыгыш автобекетинин аймагы муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкек шаарындагы Чыгыш автобекетинин аймагы кайрадан муниципалдык менчикке өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Буга чейин бул тилкени “Айдоочулар союзу” ЖЧКсы пайдаланып келген.

Компания объектти үч күндүн ичинде демонтаждоо боюнча кепилдик кат берди. Учурда аймактагы унаалар чыгарылып, тосмолор алынууда.

Мэриянын маалыматына ылайык, аймак реконструкцияланып, таксилерге жана Кемин, Кант, Токмок багытына каттаган кичи автобустар үчүн ыңгайлаштырылат. Ошондой эле жер асфальтталып, жарыктандыруу жана жол белгилери орнотулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан