Биз социалдык тармакта

Бишкекте тоолуу аймактарды изилдөө боюнча илимий кызматташтык талкууланды

Бишкек шаарында тоолуу аймактарды изилдөө жаатындагы илимий-билим берүү кызматташтыгын координациялоо боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кеңешме аймактык жана эл аралык илимий-билим берүү уюмдарынын күч-аракеттерин бириктирип, тоолуу экосистемаларды жана тоолуу жамааттарды изилдөө иштерин күчөтүүгө багытталды.

Жыйынга Улуттук илимдер академиясынын, президентке караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун, ошондой эле өлкөдөгү бир катар илимий мекемелердин жана жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышты.

Талкуу учурунда илимий коомчулуктун өкүлдөрү тоо маселелери боюнча жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөр тууралуу маалымат берип, глобалдык жана аймактык деңгээлдеги илимий, билим берүү жана изилдөө кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарын билдиришти.

Жыйынтыгында катышуучулар Кыргызстандагы илимий жана билим берүү уюмдарынын аракеттерин бириктирип, тоолуу аймактарды изилдөө боюнча бирдиктүү платформа түзүү зарылдыгын белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан