Биз социалдык тармакта

Оштогу Курманжан датка көчөсүнө 300 түп акация көчөтү отургузулду

Бүгүн Ош шаарындагы Курманжан датка көчөсүнө 300 даана акация (робиния) көчөтү отургузулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан 2026-жылы шаар аймагына жалпы 1340 даана акация көчөтүн отургузуу пландалууда.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев берген тапшырмага ылайык, буга чейин жашыл аймак жок болгон Курманжан датка көчөсүнүн эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар курулуп, кошумча жашылдандыруу иштерин жүргүзүү каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан