Биз социалдык тармакта

Бишкекте Кимсанбай Абдурахманов атындагы мечиттин ордуна жаңы заманбап мечит куруу пландалууда

Бүгүн, 13-мартта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы Кимсанбай Абдурахманов атындагы мечит жамааты үчүн ооз ачар уюштурду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаар башчысы жыйынга келгендерди Рамазан айы менен куттуктап, ар бир үй-бүлөгө тынчтык, бакубатчылык, береке жана ынтымак каалады.

Иш-чаранын жүрүшүндө мэрге жаңы мечит куруу боюнча долбоор тааныштырылды. Өнөктөштөрдүн колдоосу менен бул аймакта жаңы мечиттин имаратын куруу долбоорун ишке ашыруу пландалууда.

Реновация долбооруна ылайык, Кимсанбай Абдурахманов атындагы мечит жайгашкан Гоголь көчөсү, 55 дарегиндеги учурдагы имарат авариялык абалда болгондуктан жана калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогондуктан, аны бузуу каралган.

Долбоор боюнча жер алдындагы автотоктотмолору, бутиктери, кафеси, кампалары, административдик бөлмөлөрү жана даараткана (даарат алуучу жайлары) бар заманбап эки кабаттуу мечит курулат. Объекттин жалпы аянты 5851,30 чарчы метрди түзөт. Намаз окуу залынын аянты 3506,77 чарчы метр болуп, бир учурда 4200 адамды кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет.

Мэр Айбек Жунушалиев жаңы мечит адамдарга кызмат кылган, ыйманды жана руханий баалуулуктарды бекемдеген ыйык жайга айланышын каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан